Жаңылыктар
16.11.2023 12:59
Кароолор: 941
БАТКЕН: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ӨТҮҮДӨ
ӨКМдин аскер кызматкерлери акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат. Көчмө мобилдүү клиниканын жардамы менен өздүк курам гепатит В, С жана ВИЧ инфекциясы боюнча анализ тапшырууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан медициналык кароодон ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчү куткаруучулары өтүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР