Жаңылыктар

27.12.2024 15:11

   Кароолор: 440

БАТКЕН: ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ “АЛТЫН ӨРҮК” СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

УТРК Баткен тарабынан уюштурулган “Жыл мыктылары 2024” сынагы жана “Алтын өрүк” сыйлыгы боюнча өткөн иш-чарада баткендик куткаруучу да атайын сыйлыкка ээ болду. КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №77 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы-улук лейтенант Суйунов Алманбет Сабырбекович “Мыкты куткаруучу” номинациясы менен “Алтын өрүк” сыйлыгына татыды.

Эске салсак, ушул эле жылдын 4-сентябрында улук лейтенант С.А.Суйунов Айдаркен шаарында куткаруу иштерине катышкан. Тактап айтканда, шаардагы Металлург көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде ажатканага түшүп кеткен наристени аман-эсен алып чыгып, өзүнүн кесиптик чеберчилигин, шамдагайлыгын жана күжүрмөн даярдыгын көрсөтүүгө жетишкен эле.

“Сыйлык-жалкы, сыймык-жалпы”,-дегендей, Башкармалыктын башчысы подполковник Т.Ж.Айткуловдун катышуусунда куткаруучунун ийгилиги менен куттуктап, кошо кубанган өздүк курам жылуу тилектерин айтып, Алманбетке мындан ары да жогорку жетишкендиктерди, күжүрмөн даярдык менен кошо ден соолук каалады.

Каарманыбыз 1996-жылдын 14- февралында Кадамжай районунун Айдаркен шаарында туулуп өскөн. Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүрүүчүсү, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу