Жаңылыктар
12.12.2024 10:58
Кароолор: 501
БАТКЕН: ӨКМ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТҮҮДӨ
Абанын температурасы кескин төмөндөп, имарат жана турак жайларды жылытууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын Баткен району боюнча ӨКБнүн офицерлери эскертип жатышат. №106 ӨККБ кызматкерлери Бужум айылында ар бир турак үй ээси менен жолугушуп, электр зымдарын туташтырууда, жылытуу приборлорун пайдаланууда жана меш жагууда коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүштү.
Ушундай эле маанидеги профилактикалык иш-чаралар Көк-Таш чек ара бөлүгүнүн өздүк курамына да өткөрүлдү.
Мындан сырткары, №31 ӨККБнүн офицерлери Самаркандек айылында да өрттүн алдын алуудагы негизги эрежелер боюнча нускама өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР