Жаңылыктар
03.12.2024 19:26
Кароолор: 134
БАТКЕН: ӨК МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ А.МАЗАРИПОВ КООПТУУ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА
Бүгүн, 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткен облусуна иш сапары менен келди. Жумушчу топ адегенде эле Лейлек районунун аймагындагы кооптуу аймактарда болуп, Раззаков шаарындагы калктуу конушту аралап өткөн Чыгыш көчөсүндөгү сел өткөрүүчү сайды жана Жаңы-Конуш тилкесиндеги бетон тосмосунун курулуш иштери менен таанышты.
Табигый кырсыктардан коргоо максатында келерки жылга карата ӨКМдин Сел жана суу ташкындарынан коргоо, Мониторинг жана божомолдоо департаменти, ошондой эле Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сунушталган объекттерди жеринен көрүп чыккан министрдин орун басары Акылбек Мазарипов атайын алдын алуу жана коргоо жумуштарынын маанилүү экендигин белгиледи.
Кооптуу аймактарда коргоо чараларын жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия бүгүнтөн тарта облустун бардык район-шаарларын кыдырып чыгып, кооптуу делген тилкелерде жеринен көрүп чыгат. Натыйжада 2025-жылга карата капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү жумуштары боюнча берилген сунуштун негизинде объекттердин долбоору даярдалып, коргоо чаралары жүзөгө ашат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР