Жаңылыктар

21.04.2024 14:21

   Кароолор: 212

БАТКЕН: ОХНА СЕЛ ӨТҮҮЧҮ САЙДЫН ЖЭЭКТЕРИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө сел коркунучунан коргоо иштери башталды. Тактап айтканда, Охна сайынын жээктерин калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо жумуштарын жүргүзүү максатында Кадамжай районунун Жарандык коргонуунун күчтөрү менен 14 техника тартылып, сайдын 2030 метр аралыгы калыбына келтирилди.

Натыйжада 49 турак үй, 2 чакырым ички чарбалык жол жана 1,4 чакырым ички чарбалык арык, ошондой эле 4 электр мамычасы сел коркунучунан коргоого алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу