Жаңылыктар
12.03.2026 10:01
Кароолор: 34
БАТКЕН ОБЛУСУНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
2026-жылдын 11–13-март күндөрү Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын катышуусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” (сел, суу ташкындары) темасында республикалык команда-штабдык машыгуу өтүүдө.
Аталган машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы С.Н. Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулууда.
Машыгуунун ачылышында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов сөз сүйлөп, машыгуунун негизги максаты — Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын даярдыгын жогорулатуу экендигин белгиледи. Ал өз сөзүндө туруксуз аба ырайынын шартында жаан-чачындын көп жаашынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жана суу ташкындары, кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучу жарала тургандыгын айтып, мындай машыгуулар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чоң жардам берерин белгиледи.
Бул машыгуу мамлекеттик органдардын өз ара координацияланган аракеттерин чыңдоого, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так чечим кабыл алууга, жарандардын өмүрүн сактоого жана материалдык чыгымдарды азайтууга багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР