Жаңылыктар
12.03.2025 18:22
Кароолор: 177
БАТКЕН: ОБЛУСТУН 3 РАЙОНУНДА МАШЫГУУНУН ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган учурда калкты жана аймактарды коргоо жаатында Жарандык коргонуунун күч каражаттарын даярдыкка келтирүү максатында өткөрүлүп жаткан машыгуу Лейлек районунун аймагында да уюштурулду.
Натыйжада ички арыктар тазаланып, айыл өкмөт тарабынан тартылган 2 техниканын жардамы менен сай нугун ачуу иштери аткарылды.
Маалымат катары айта кетсек, машыгуунун мындай практикалык иш-чаралары Лейлек, Баткен жана Кадамжай районунун аймагында алдыдагы 3 күн бою өткөрүлмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР