Жаңылыктар

04.02.2025 15:00

   Кароолор: 100

БАТКЕН: ОБЛУСТУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖААТЫНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн, 4-февраль күнү ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында облустук Жарандык коргонуу тутуму жыл жыйынтыгын чыгарды. Ага облус башчысынын орун басары М.Тулаев жана облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, аким-мэрлер катышты. Кеңешмеде өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы жылга карата тапшырмалар коюлду.

Ал эми башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткулов 2024-жылдын жыйынтыгы тууралуу баяндама жасап, аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой, өткөн жыл ичинде ӨКМ тарабынан профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, тилсиз жоонун саны аз, бирок келтирилген материалдык чыгым көп болгон. Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине ылайык коргоо чаралары жалпысынан 100%га аткарылган.

Жеке ишкерлердин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен 1,5 млн жакын, өнүктүрүү фонддорунан 3 млн ашуун сомдук куткаруу шаймандары, шанстык инструменттер алынган. Ошондой эле, облусту өнүктүрүү фонду аркылуу Баткен облусун өнүктүрүү жол картасына ылайык 95 млн сомдон ашуун каражатка коргоочу курулмалар курулууда.

Кеңешмеде сунуш-пикирлер да айтылып, кеңири талкуу жүрдү. Андан соң жогоруда айтылган издөө-куткаруу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерине керектелчү шаймандар менен таанышуу уюштурулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу