Жаңылыктар
11.10.2023 11:01
Кароолор: 446
БАТКЕН: ОБЛУСТУК БИРГЕЛЕШКЕН ООРУКАНАСЫНДА МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №295 буйругунун негизинде Баткен облустук биргелешкен ооруканасында машыгуу өткөрүлдү.
Мерчемге ылайык, ооруканада электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, жылытуу системалары жарылгандыктан бейтаптарды убактылуу жылуу жайга жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо чаралары аткарылды.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Жарандык коргонуу кызматтары чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү чараларды аткарууга киришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР