Жаңылыктар

24.09.2024 18:01

   Кароолор: 738

БАТКЕН: НАРИСТЕЛЕР КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ МАКСАТЫНДА САБАККА КАТЫШТЫ

Кызыл-Кыя шаарында уюштурулган практикалык сабак "Ак-Тилек" балдар бакчасында өткөрүлдү. Өрт тактикалык сабакта өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен кошо тарбиячылар жана наристелер коопсуздук эрежелерин үйрөнүштү.

Алгач өрт коопсуздук эрежелери, кокустук же өрт катталган учурда өзүн алып жүрүү зарылдыгы көрсөтүлдү.

Кырсык качан же кайдан катталарын эч ким билбейт. А бирок тобокелдиктердин алдын алууга, ага карата даярдыкта болууга сөзсүз болот. Мындан улам балдар бакчасынын тарбиялануучулары да куткаруучулар менен биргеликте куткаруу, жабыркагандарга жардам берүү иштерин өз көзү менен көрүп, сабакка активдүү катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу