Жаңылыктар
28.09.2023 15:02
Кароолор: 290
Баткен: Мыкты "Жаш куткаруучу" командасы аныкталды
5-октябрь - кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулган мелдештин облустук туру жыйынтыкталды.
Баткен шаарынан "Бүркүт", Баткен районунан "Учкун", Сүлүктү шаарынан "Жалын", Лейлек районунан "Сактоочу" жана Кызыл-Кыя шаарынан "Биримдик" командалары күч сынашкан мелдеш 4 шарттын негизинде биринчилик үчүн ат салышты.
"Үй тапшырмасы", "Өрт эстафетасы", "Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү" жана "Команда капитандарынын сынагы" боюнча жарышкан командалар калыстар тобу тарабынан берилген упайдын негизинде бааланды.
Жыйынтыгында 3-орунду Кызыл-Кыя шаарынан "Биримдик", 2-орунду Баткен районунан "Учкун" командасы багындырса, 1-орунду Баткен шаарынан "Бүркүт" командасы камсыздоо менен 4-5-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү республикалык мелдешке жолдомо алды.
Жеңүүчү командалар башкармалык жана Улуттук Кызыл ай коому тарабынан атайын белектер менен сыйланды. Андан соң Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында куткаруучулар менен жолугушуу уюштурулуп, куткаруу шаймандары менен жакындан таанышууга шарт түзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР