Жаңылыктар

29.04.2024 17:04

   Кароолор: 144

БАТКЕН: МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Алгач Раззаков шаарындагы Жаңы конуш, Алтын-Бешик жана Чыгыш көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, 22-апрелдеги селден жабыркаган турак үйлөрдү көрүп чыкты.

Тиешелүү кызматтардын башчылары менен биргеликте үйлөргө келген селдин кесепеттерин аныктап, сел жүрүүчү тилкелерге курулуп калган үйлөрдү бузуу, сел каналдарын ачуу иштери менен жеринде таанышты.

Министр алдыда облус аймагында ӨКМ тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылып жаткан жумуштар менен, Ак-Суу айылындагы каналдын жана Самат айылындагы жөө өтүүчү көпүрө менен, ошондой эле Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын взводу менен таанышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу