Жаңылыктар

30.04.2024 12:41

   Кароолор: 46

БАТКЕН: МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ АК-САЙДАГЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

Министр Б.Ажикеев жумушчу сапарынын алкагында ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында да болду. Өздүк курам менен баарлашып, кызмат өтөп жаткан жоокерлер жана алар үчүн түзүлгөн шарт менен да таанышты. Андан соң Баткен районунун аймагындагы Убактылуу жайгаштыруу пунктунда болуп, суу, электр энергиясы жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча көзөмөл жүргүздү.

Баткен районунун токой чарбасында болгон жолугушууда министр аталган кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен маек куруп, имараттын айланасын иреттөө, тазалоо иштерин жүргүзүүдө кемчиликтерди жоюу тапшырмасын койду. Андан тышкары, алдыда токой чарбасынын техникалык потенциалын, кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу милдети тургандыгын баса белгилеп өттү.

Ал эми чек арада жайгашкан Ак-Сай Өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн жаңы түшкөн имаратында өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын текшерип, мындан ары да белгиленген тартипте даярдыкты, ошондой эле өрт өчүрүүчү автоунаалардын техникалык абалын камсыздоо милдетин койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу