Жаңылыктар
10.10.2023 12:48
Кароолор: 293
БАТКЕН: МЕКТЕПТЕРДИН КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жарандык коргонуу кызматтары катышкан бүгүнкү иш-чаранын негизинде билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы бааланды.
Мерчемге ылайык, Чек орто мектебинде катуу сууктан улам жылытуу системасы жарылган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тиешелүү кызматтар зарыл чараларды көрүп, окуучулардан түзүлгөн куткаруучулар эвакуация жана куткаруу иштерин алып барды. Ал эми медицина кызматкерлери алгачкы жардам көрсөтүп, Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тартип көзөмөлгө алынды. Ал эми жардамга муктаж окуучулар үчүн атайын орнотулган чатырда жылынуу жайы, ысык чай уюштурулду.
Соңунда Улуттук Кызыл ай коомунун адистери тарабынан алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, ар кандай мүнөздөгү кырдаал учурунда көрүлүүчү чаралар тууралуу ӨКМ кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР