Жаңылыктар
26.09.2024 19:38
Кароолор: 411
БАТКЕН: МЕКТЕПТЕРДЕН КЕЛГЕН ЖАШ КУТКАРУУЧУЛАР ОБЛУСТУК ТУРГА КАТЫШУУ ҮЧҮН КҮЧ СЫНАШТЫ
Баткен районунун Бужум айылындагы Т.Мурзапаров атындагы орто мектебинде Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү өткөрүлүп, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан, билим берүү бөлүмүнөн, Кызыл ай коомунан жана Тез жардам кызматы катышуучулардын даярдыгына баа берди.
Ушундай эле мелдеш Сүлүктүдө да уюштурулуп, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдеште кырсык же кокустук катталган учурда өзүн алып жүрүү, коопсуздук эрежелерин өздөштүрүү, куткаруу иштеринде ыкчам, шамдагай, так жана командалык ишти уюштуруу жөндөмү көрсөтүлүп, бир нече этаптан турган сынактардан өтүү тапшырмасы берилди.
Жыйынтыгында:
1-орунду Н.Кушматов атындагы №9,
2-орунду Токтогул атындагы №2 техникалык лицейи,
ал эми 3-орунду И.Раззаков атындагы №7 орто мектеби камсыздады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР