Жаңылыктар
09.04.2024 12:44
Кароолор: 310
БАТКЕН: МЕКТЕПТЕРДЕ СУУ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК САБАКТАР БАШТАЛДЫ
Жаз-жай мезгилиндеги суу коопсуздугу боюнча Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан практикалык сабактар өткөрүлө баштады. Сууга, канал жана көлгө жакын аймакта жайгашкан шаардагы мектептерде старт алган алгачкы иш-чара Кызыл-Жол кварталындагы Кызыл-Жол орто мектебинде өткөрүлдү.
Билим уясында алгач окуучулар үчүн суу коопсуздук эрежелери эскертилип, андан соң куткаруу, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабак уюштурулду. Себеби, окуучулар суу объектилерине жакын жашагандыктан, кооптуулук жогору дейт мугалимдер.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР