Жаңылыктар
31.08.2023 12:18
Кароолор: 283
Баткен: Мектептерде өрт коопсуздук эрежелерин сакта
Билим күнүнө карата облус аймагында билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелерин камсыздоо чаралары көрүлдү.
Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаардык мэрия жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы менен таанышып чыкты.
Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, жаңы окуу жылына карата талаптардын аткарылышы боюнча кандай даярдыкта экендигин карап чыгып, мектеп жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ушундай эле маанидеги түшүндүрүү иштери башкармалыктын район-шаардагы бардык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР