Жаңылыктар

27.10.2024 11:39

   Кароолор: 476

БАТКЕН: МЕКТЕПТЕРДЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТЕБИЗ

Өрттүн алдын алууга ар бир жаран салым кошо алат. Анын эрежеси эң жөнөкөй. Кооптуулукту байкаган же тилсиз жоого күбө болгон учурда 103 же 112 кыска номуруна даректи туура айтып, ыкчам кабарлоо керек. Ошол эле кезде коопсуздук эрежелерин сактоо эң ириде адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарды сактап калууга шарт түзөт.

Мындай коопсуздук эрежелерин так түшүндүрүп, нускама өтүү үчүн Баткен шаары боюнча ӨКБнүн офицерлери шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринде болууда. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына атайын сабак өтүп, суроолорго жооп беришкен ӨКМ офицерлери шаарда күз-кыш мезгилине карата турак үйлөрдө да түшүндүрүү иштерин улантып жатышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу