Жаңылыктар
25.12.2024 11:16
Кароолор: 127
БАТКЕН: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУГА КАТЫШТЫ
Баткен шаары боюнча ӨКБнүн №26 ӨККБнүн кызматкерлери шаар жашоочулары менен жолугуп, ар бир турак үй ээсине, ал эми соода түйүндөрүндө дүкөн ээлерине электр зымдарын туташтырууда, жылытуу приборлорун пайдаланууда жана меш жагууда коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Бүгүнкү иш-чара да дал ушул эле максатта, тактап айтканда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында өткөрүлдү. Чет-Булак кварталындагы С.Огата орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу уюштурулду.
Машыгууда окуучулар коопсуз жайга чыгып, тилсиз жоонун чыгуу себептери кайсылар, ал үчүн кандай коопсуздук эрежелерине маани берүү керек, өрт өчүрүү шаймандарын пайдалануу тууралуу сабакка катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР