Жаңылыктар
10.09.2024 17:03
Кароолор: 649
БАТКЕН: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ КУТКАРУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн, 10-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин 10-11-классынын окуучуларына куткаруучулар менен жолугушту. Жолугушууда Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамы куткаруу шаймандары тууралуу маалымат беришти.
Куткаруу иштери негизинен шахталарда, жер астында же тоо шартында жүргөндүктөн, дем алуучу аппараттардын мааниси жана зарылчылыгы, адам өмүрүн сактап калууда биринчи медициналык жардам көрсөтүү, анын тартиби тууралуу практикалык сабак да уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР