Жаңылыктар

30.09.2024 10:50

   Кароолор: 131

БАТКЕН: “МЕКЕН ЖАНА МЕН” АТАЛЫШЫНДА АЧЫК ЭШИК ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨКМдин Баткен шаарында жайгашкан 3-өзүнчө издөө-куткаруу отряды Кадамжай жана Баткен районундагы жогорку класстын окуучулары менен жолугушту.

Куткаруучулук кесипке кызыккан окуучулар “Мекен жана мен” аталышындагы ачык эшикке катышып, отряд куткаруучуларынын жумуш шарты жана куткаруу шаймандары менен жакындан таанышты.

Окуучулар өз суроолоруна жооп алып, ӨКМде кызмат өтөп жаткан жоокерлердин аскердик чеберчилигине, жетишкендиктерине да күбө болушту.

Ошондой эле тажрыйбалуу куткаруучулар окуучулар менен Мекенге кызмат кылуу, Ата журтту сүйүү жана аскердик турмуш, куткаруучулук кесип тууралуу баарлашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу