Жаңылыктар
28.05.2024 12:07
Кароолор: 206
БАТКЕН: МЕДРЕСЕДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Кадамжай райондук өзгөчө кырадаалдар бөлүмүнүн май айына карата бекитилген иш-мерчеминин негизинде №75 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы машыгуу өткөрдү.
Айдаркен шаарындагы Азирети Али медресесинде уюштурулган өрт-тактикалык сабакта ӨКМ кызматкерлери алгач куткаруу шаймандары тууралуу маалымат берилип, өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда туура пайдалануу, жабыркаган жарандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикада көрсөтүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР