Жаңылыктар
13.12.2024 15:18
Кароолор: 188
БАТКЕН: МАШЫГУУДА ТОСКООЛДУКТАРДАН УЛАМ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА БОРБОРДУК БАЗАРГА КИРЕ АЛГАН ЖОК
Баткен шаарындагы борбордук базарында күтүүсүз машыгуу өткөрүлдү. Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан өрт-тактикалык машыгуу быйылкы жылы 4-ирет уюштурулуп жаткандыгына карабастан, базарга кирүүчү негизги жолдор ачылган эмес. Сатуучулардын көңүл кош мамилеси да жолтоо болду. Өрт өчүрүүчү унаа мындай тоскоолдуктардан улам дээрлик 1 саатка жакын базардын ичине кире алган жок.
Тилсиз жоонун алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө 1 саат эмес, бир ирмем убакыт да маанилүү болуп саналат. Мына ошондуктан, ӨКМ куткаруучулары сатуучуларга жана базардын жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР