Жаңылыктар

14.03.2025 12:40

   Кароолор: 170

БАТКЕН: МАШЫГУУДА КАДАМЖАЙДАГЫ 20 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ

Жарандык коргонуунун атайын бекитилген планынын негизинде өтүп жаткан машыгуунун алкагында Кадамжай районунун аймагында да практикалык иш-чаралар аткарылды. Үч-Коргон айыл аймагында 2,4 гектар огород участкасы жана 300 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан коргоого алынды. Айыл өкмөттүн эсебинен тартылган 2 экскаватор жана 2 самосвалдын жардамы менен сел өткөрүүчү сай тазаланды.

Лейлек, Баткен жана Кадамжай районунун аймактарында уюштурулуп жаткан бул иш-чаралар 12-13-14-март күндөрү республикалык мааниде өткөрүлүп жаткан машыгуунун алкагында ишке ашууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу