Жаңылыктар
11.01.2025 10:53
Кароолор: 220
БАТКЕН: ЛЕЙЛЕКТИК КУТКАРУУЧУЛАРГА ШАЙМАНДАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Жаңы жыл жагымдуу жаңылык менен башталды. Бул саамалык ӨКМдин Лейлектеги өрт өчүрүүчү-куткаруучулары үчүн өзгөчө кубаныч болду. Өткөн жылда сел кырсыктары көп катталып, анын кесепеттерин жоюуда куткаруучуларга зарыл болгон шаймандарды алуу маселеси көтөрүлгөн эле. Натыйжада аймактарды өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөтүүгө макулдук берген.
Аталган иш-чара ийгиликтүү ишке ашып, Лейлек району боюнча ӨКБнүн карамагына 300 миң сомдон ашуун каражатка 4 даана дизелдик мотопомпо тапшырылды. Аталган техникалык каражаттарды Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков таршырып, мындай колдоо аймакта сел, суу жана өрт кырсыктарынын алдын алууда, кесепетин жоюуда маанилүү болуп экендигин белгиледи.
Аким өздүк курамдын жумуш шарты менен да таанышып чыгып, быйылкы жылга карата да куткаруучулар үчүн ар тараптуу колдоолор уланаарын кошумчалады.
КР ӨМ ПРЕСС-БОРБОР