Жаңылыктар
06.03.2025 15:48
Кароолор: 1235
БАТКЕН: ЛЕЙЛЕКТЕГИ ООРУКАНАДА ТҮНКҮ МАШЫГУУ УЮШТУРУЛДУ
Быйылкы жылга карата бекитилген Жарандык коргонуу иш мерчеминин негизинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда уюштурулган түнкү машыгууга ӨКМдин өрт өчүрүү унаасы жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тартылды.
Өрт чыккан учурда бейтап жана кызматкерлердин өмүрүн сактоо, эвакуация кылуу башкы максат болгондуктан, алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын, ички жана тышкы суу булактарынын абалы, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарын окутуп үйрөтүү маанилүү болуп саналат.
Машыгуу учурунда түзүлгөн сценарийге ылайык өрт өз учурунда толук өчүрүлүп, андан соң медицина кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери тууралуу нускама өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР