Жаңылыктар

23.10.2024 16:16

   Кароолор: 427

БАТКЕН: ЛЕЙЛЕКТЕ 15 ТУРАК ҮЙДҮ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОО ҮЧҮН 150 ДААНА ГАБИОН ТОРЧОСУ ОРНОТУЛДУ

Сел кооптуулугу бар аймактарда ӨКМ тарабынан тиешелүү техникалар бөлүнүп, Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчеми белгиленген графикке ылайык аткарылууда. Алсак, Лейлек районунун аймагында да сел өткөрүүчү сайда механикалык тазалоо, сай жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылындагы Касай участкасы быйылкы иш-мерчемине бекитилип, аталган тилкеде жайгашкан 15 турак үйгө сел келүү кооптуулугу жоюлду. Ал үчүн 150 даана габион торчосу орнотулуп, 1 скважина, 400 метр ички чарбалык жол жана 300 метр ички чарбалык арык сел кооптуулуган коргоого алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу