Жаңылыктар

29.10.2024 18:50

   Кароолор: 324

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯДА ТУРАК ҮЙЛӨРДӨГҮ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭСКЕРТИЛҮҮДӨ

Күз-кыш мезгилинде өрт кооптуулугун алдын алуу иштерин уюштуруу жана күчөтүү аракетинде Кызыл-Кыя шаары боюнча ӨКБнүн өздүк курамы түшүндүрүү иштерин улантууда. Бүгүн да шаардагы Газетная, Гастела көчөлөрүндө болгон офицерлер 30 турак үйдө өрт коопсуздугу боюнча маалымат берип, меш жана электр жылытуу приборлорун пайдалануудагы негизги коопсуздук эрежелерин эскертишти.

Имаратты жылытууда жарандар көп учурда мешти туура эмес орнотуп же морду таза кармабагандыктан көп ката кетиришет. Ошол эле учурда, электр зымдарынын кыска чыңалуусу да жалындын тутануусуна шарт түзөт. Мындай кооптуулуктун алдын алууда эң оболу өрт коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү.

ӨКМ куткаруучулары мындай коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү менен катар эле турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу, анын зарылдыгы тууралуу да маалымат таркатып жатышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу