Жаңылыктар

20.01.2025 17:00

   Кароолор: 405

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ

Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы шаардын 1-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Эң ириде өрт коопсуздук эрежелери кайсылар экендигин эскертип, сунуш кагаздарын таркатышты.

Андан ары №2 орто мектебинде болгон куткаруучулар окуучуларга өрт учурундагы коопсуздук эрежелери тууралуу сабак өтүштү. Майда, бирок маанилүү делген эрежелер адам өмүрүн жана материалдык баалуулуктарды сактап калууга себепчи болорун түшүндүрүп, жалын чыгуу коркунучу бар же өрт катталган учурда 101 же 112 номуруна чалуу зарылдыгын эскертишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу