Жаңылыктар

22.10.2024 12:28

   Кароолор: 210

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯДА 65 ТУРАК ҮЙДҮ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОО АРАКЕТТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Азыркы тапта Баткен облусунун бардык район-шаарларында сел кооптуулугунун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары жүрүп жатат. Анын ичинде, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында да сел өткөрүүчү сайда тазалоо иштери уланууда.

Караван айыл аймагынын Чоң Жин-Жиген айылында ӨКМден бөлүнгөн 2 бульдозер техникасы иштеп жатат. Белгиленген жумуш көлөмү аткарылып бүткөрүлсө, аталган айылдагы 65 турак үй менен кошо 3000 метр ички чарбалык жол, 1,3 гектар айыл чарба жер аянтында сел кооптуулугу жоюлат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу