Жаңылыктар

06.03.2024 14:17

   Кароолор: 459

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯДА 65 ТУРАК ҮЙ ЖАНА 3 ЧАКЫРЫМ ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛДУ

ӨКМдин быйылкы жылга карата бекитилген "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде сел коркунучунан коргоо иштери жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагына караштуу Чоң-Жинжиген айылында сел жүрүүчү Жин-Жиген сайы механикалык тазалоого жумуштары колго алынды.

Аталган участкада аткарылган тазалоо иштери бүгүнкү күнгө карата толугу менен бүткөрүлүп, жалпы көлөмү 1000 метр аралыкта жумуш аткарылды. Жыйынтыгында сай жээгинде жайгашкан 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол жана 1,3 га огород участкасы сел алып кетүү коркунучунан коргоого алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу