Жаңылыктар
14.12.2024 15:01
Кароолор: 225
БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДАГЫ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү күз-кыш мезгилиндеги өрт коопсуздугун камсыздоо аракеттерин күчөтүлгөн тартипте улантууда. Бул багытта бүгүн да №70 кесиптик лицейинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү. Окуу жайдын короосунда чыккан өрттү өчүрүүгө куткаруучулар ыкчам жетишип, тилсиз жоонун жайылып кетүү коркунучун жоюуга жетишти.
Ал эми студенттерди коопсуз жайга алып чыгууда жараат алган жаранды куткарып чыгып, Тез жардам кызматына өтөрүп беришти. Андан соң өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануу, коопсуздук эрежелери тууралуу сабак өткөрүлүп, кокустук учурунда өзүн алып жүрүү боюнча да нускама өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР