Жаңылыктар

20.02.2025 12:15

   Кароолор: 1636

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК ООРУКАНАСЫНДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРЫ ТЕКШЕРИЛДИ

ӨКМдин алдындагы Өрт көзөмөл кызматынын инспекторлору жана атайын түзүлгөн комиссия курамы Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы өрт коопсуздук талаптарынын аткарылышын карап чыкты. Алгачкы өрт өчүрүү шаймандарын, алардын жайгашуу тартибин түшүндүрүп, тилсиз жоонун алдын алуу боюнча окутуу өткөрүштү.

Ал эми Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан базарда машыгуу өткөрүлүп, айтылган дарекке өз убагында жетүүдө өрт өчүрүү унаасына тоскоолдуктар жаралган. Айдоочулардын кайдыгерлиги, унаалардын баш аламан коюлгандыгы жана жолдун тардыгынан улам ӨКМ кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базар жетекчилигине кемчиликтерди жоюу сунушу берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу