Жаңылыктар

23.09.2024 14:40

   Кароолор: 454

БАТКЕН: КЫШТУТТА 67 ҮЙ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛУУДА

Ал үчүн ӨКМден бөлүнгөн экскаватор жана жүктөгүч иштеп жатат. Аталган иш-чара Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында жүрүүдө. Механикалык тазалоо жумушу 1200 метр аралыкка белгиленген.

ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчемине ылайык, сайдын ичин тазалоо жумуштарынын натыйжасында 800 метр ички чарбалык арык, 700 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан корголот. Мындан сырткары, Сай айылындагы 67 турак үйгө сел кирүү коркунучу жоюлат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу