Жаңылыктар

26.09.2023 10:33

   Кароолор: 678

Баткен: Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга салым кошобуз

5-октябрь-кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү. Бул датага байланыштуу жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМдин Баткен облусу башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан атайын иш-чаралар уюштурулду.

Баткен шаары боюнча В.И.Ленин атындагы орто мектебинен "Бүркүт", Баткен районундагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебинен "Жалын", Лейлек району боюнча В.И.Ленин атындагы орто мектебинен "Куткаруучу" жана Сүлүктү шаарынан Токтогул атындагы кесиптик лицейинин командасы "Жаш куткаруучу" мелдешинин облустук туруна жолдомо алышты.

Ал эми жогорку класстын окуучулары үчүн уюштурулган "Ачык эшик" күнү Лейлек районунда борбордук стадиондо, Сүлүктү жана Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө, Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндө, Баткен районунун Ак-Турпак айылында өткөрүлүп, окуучулар өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын жумушчу күнү жана өрт өчүрүү шаймандары менен таанышты.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу