Жаңылыктар

02.10.2023 13:06

   Кароолор: 569

Баткен: Кырсыктардын тобокелдигин азайтабыз

Бүгүн, 2-октябрь күнү Баткен шаарынын борбордук кичи аянтында жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү өттү.

Иш-чара “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Облус башчысынын орун басары Т.Мадяров жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары, Кызыл Ай коомунун облустук филиалынын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери жана окуучулар катышты.

Машыгууда өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу жумуштары, мектеп окуучуларынан түзүлгөн жаш куткаруучулардын биринчи жардам көрсөтүүсү жана практикалык көрүнүштөр аткарылды.

Ал эми жөө жүрүшкө облустук Жарандык коргонуу кызматтары жана өздүк курам катышып, өрт өчүрүү, куткаруу жумуштары Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы тарабынан көрсөтүлдү.

Мындай иш-чаралар ар түрдүү кырсыктардын тобокелин алдын алууга жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга шарт түзөт.

Эске салсак, өлкө аймагында жарыяланган бир айлыктын алкагында башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жаш куткаруучулар мелдеши уюштурулуп, облустук турда Баткен шаарынан "Бүркүт" командасы республикалык мелдешке жолдомо алган. Ал эми атайын мерчемдин негизинде өрт тактикалык машыгуулар жана иш-чаралар уюштурулууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу