Жаңылыктар

09.09.2024 18:40

   Кароолор: 410

БАТКЕН: КУТКАРУУЧУНУН КЕЗЕКТЕГИ ИЙГИЛИГИ

ӨКМдин куткаруучулары бардык тармакта мыкты экендигин дагы бир куткаруучу далилдеди. Баткендик Айбек Мурзамитов көпчүлүккө аскер кызматкери жана спортчу катары да кеңири таанымал. Ал Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы жана Баткен районунун 90 жылдыгына карата уюштурулган спорттук оюндарга катышып, ийгилик менен кайтты.

Майрамдык салтанатта спортчулар кыргыз күрөшү, таяк тартыш жана таш көтөрүү боюнча мелдешип, таяк тартышта ӨКМдин куткаруучусу, лейтенант А.Мурзамитов атаандаштарын жеңип чыгып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды.

Маалымат катары айта кетсек, лейтенант А.Мурзамитов буга чейин пауэрлифтинг боюнча бир катар мелдештерге катышып, анын ичинде Стамбулда өткөрүлгөн Азия жана Ысык-Көлдө өткөрүлгөн Орто Азия чемпионатында 1-орунду багындырган. Пауэрлифтинг боюнча КРнын спорт чебери.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу