Жаңылыктар
26.04.2024 13:36
Кароолор: 493
БАТКЕН: КУТКАРУУЧУНУН ИЙГИЛИГИ – КЕЗЕКТЕГИ КУБАНЫЧ
2024-жылдын 19-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында маст-рестлинг боюнча республикалык чемпионат болуп өттү. Аталган мелдеште 75 кг салмак чен бирдикте ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын №31 Самаркандек өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн офицери Мурзамитов Айбек да катышып, 3-орунду ээледи.
Айбек Мурзамитов алдыда дагы бир мелдешке даярдык көрүп жатат. Тактап айтканда, 15-19-май күндөрү Өзбекстан Республикасында өтө турган Азиянын биринчилигине катышуу алдында турат.
Айбектин ийгилиги менен куттуктап, алдыдагы мелдеште да жеңиш каалайбыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР