Жаңылыктар

25.11.2023 09:56

   Кароолор: 542

БАТКЕН: КУТКАРУУЧУЛАРГА КӨРСӨТҮЛГӨН КОЛДОО

ӨКМ куткаруучуларын кубандырган саамалык Баткен облусунун Сүлүктү шаарында болду. Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 1- өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводуна белекке берилген спринтер автоунаасы шахта жетекчилери тарабынан ыйгарылды. Демөөрчүлөр унааны тапшырып жатып, темир тулпар куткаруу иштерине эмес, тажрыйба алмашуу жана окууларга, жакшылыктарга кызмат кылсын деген ак ниетин билдиришти.

Шаар башчысы Болот Абдыжапаров баштаган иш-чаранын жүрүшүндө, бейөкмөт уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн дагы бир колдоо тууралуу айтылды. Тактап айтканда, взводдун ашканасы, мончо жана нөөмөтчү бөлүмү, ошондой эле 45 метр дубал бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу