Жаңылыктар

23.10.2023 15:25

   Кароолор: 401

БАТКЕН: КУТКАРУУЧУЛАР ОКУУ КУРСУН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун аскер кызматкерлери атайын окуу курсунан өттү. Компрессордук кызматка бекитилген куткаруучулар кезектеги этаптык окуу-методикалык сабактарга катышып, теориялык жана практикалык программаларды өздөштүрдү.

Окуунун жыйынтыгы менен компрессордук кызматка жаңыдан бекитилген 3 аскер кызматкерине сертификат ыйгарылып, компрессор аппараты менен иштөөгө уруксат берилди. Аталган аппарат шахтада куткаруу иштеринде пайдаланууга ылайыкталган, чакан кубаттуулуктагы баллондорду медициналык газ түрүндөгү кычкылтек менен толтурууга арналган жабдуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу