Жаңылыктар
20.05.2025 17:49
Кароолор: 146
БАТКЕН: КУТКАРУУЧУЛАР КӨМҮР КАЗУУЧУ КАРЬЕРДЕ ГАЗГА УУЛАНГАН АДАМДЫН СӨӨГҮН ЧЫГАРЫШТЫ
Бүгүн, 20-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге (9-забой) газ толуп, ичинен 1 эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 6 куткаруучу тартылып, аталган жарандын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР