Жаңылыктар
23.02.2024 10:58
Кароолор: 291
БАТКЕН: КУТКАРУУЧУЛАР АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР МАЙРАМЫНДА
Ата Мекенди коргоочулар майрамына карата уюштурулган салтанат Баткен шаарынын борбордук стадионунда белгиленди. Иш-чарада күч түзүмдөрү параддан өтүп, аскердик коргонуу ыкмаларын көрсөттү.
Облуста ар кандай кырдаалда издөө-куткаруу, калыбына келтирүү жана кесепеттерин жоюу иштерине жигердүү катышып, күжүрмөн даярдыкта кызмат өтөп жаткан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери да аскердик параддан өттү. Отрядды учурда полковник О.Пазылов жетектеп келет.
Күч түзүмдөрү катышкан программадан соң шаар жашоочуларына арналган эстрада жылдыздарынын концерти тартууланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР