Жаңылыктар
06.02.2025 16:48
Кароолор: 443
БАТКЕН: КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КУЙГАН ЖАЙЛАРДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕРТИЛДИ
Бүгүн, 6-февраль күнү Баткен районунун жана шаарынын аймагында ӨКМ офицерлери өрт коопсуздук эрежелерин эскертүүгө чыгышты. Өрт кооптуулугу бар объекттерде, атап айтканда май алмаштыруучу жайларда ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы көзөмөл кызматынын кызматкерлери да болушту.
Адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо, өрт чыгуу коркунучунун алдын алууда эң ириде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл. Ал эми өрт өчүрүү каражаттарынын камсыздалышы, аларды пайдалануу тартиби да толук сакталуусу кажет. Негизги талаптар тууралуу түшүндүрмө берилип, сунуш кагаздары таратылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР