Жаңылыктар
17.11.2024 19:19
Кароолор: 308
БАТКЕН: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДҮН БАТИРИНДЕ БЕКИЛИП КАЛГАН НАРИСТЕ АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн батиринде эшик бекилип калып, ичинде 5 жаштагы наристе калып калгандыгы тууралуу маалымат саат 18:28де келип түшкөн.
Аталган даректе куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн шаардык ӨКБнүн 62-ӨККБнөн капитан 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар 3 муундуу шатынын жардамы менен 3-кабатка чыгышкан. Натыйжада наристени аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР