Жаңылыктар
18.12.2024 23:07
Кароолор: 225
БАТКЕН: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨ ЧЫККАН ӨРТТӨН 6 ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 18-декабрь күнү саат 16:11де Кызыл-Кыя шаарынын А.Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө шаардык №62 ӨКБнөн 1 бөлүм атайын өрт өчүрүүчү унаасында чыгып, саат 17:47де толугу менен өчүрүүгө жетишкен.
Үчүнчү кабаттагы батирден чыккан өрт учурунда үй ээлери сыртка чыгууга жетишип, бирок коридор аркылуу тараган түтүндөн чыга албай калган төртүнчү кабаттын жашоочулары, тактап айтканда 2 аял жана 4 баласы куткаруучулар тарабынан куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Куткарылган жарандардын абалы жакшы.
Ал эми өрттүн жалпы аянты 24 чарчы метрди түзүп, учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР