Жаңылыктар
13.02.2025 15:51
Кароолор: 128
БАТКЕН: КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙЛӨРДӨ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕРТИЛДИ
Тилсиз жоонун алдын алууда коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү. Адатта жарандардын көпчүлүк бөлүгү электр өткөргүчтөрүнүн абалына, тиричилик техникаларын пайдаланууда коопсуздук эрежелерине маани беришпейт. Ал эми жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө курулуш иштериндеги жана өрт коопсуздук талаптары сакталуусу талапка ылайык.
Учурда ӨКМдин Өрткө каршы көзөмөл кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өрт өчүрүүчү-куткаруучулар Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөргө, ошондой эле май алмаштыруучу жайларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сунуш кагаздарын таратып жатышат.
Мындан сырткары, Айдаркен шаарындагы 2057 аскер бөлүгүндө, калк көп топтолгон жайларда, Лейлекте турак жай секторлорунда, банк жана мекеме-ишканаларда, өрт коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР