Жаңылыктар

21.05.2024 16:13

   Кароолор: 877

БАТКЕН: КООПТУУ УЧАСТКАЛАРДАГЫ АБАЛ КӨЗӨМӨЛДӨ

ӨКМ тарабынан өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүлүп, табигый кырсыктардын алдын алуу иштери такай жүргүзүлүп турат. Айрыкча жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачынга байланыштуу, жер көчкү, таш кулоо коркунучу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары да тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл.

Баткен облусу боюнча кооптуу участкаларда жашаган жарандарга быйыл жалпысынан 334 эскертме берилген. Алар негизинен жер көчкү, сел, жээк эрозиясы жана таш кулоо коркунучу бар аймактар. Анын ичинде, таш кулоо кооптуулугу боюнча Кадамжай шаарынын Горная көчөсүндө жашаган 7 үй-бүлө да бар. Аларды коопсуз аймакка көчүрүү үчүн мамлекеттик жардам жана жер тилкеси бөлүнүп берилгендигине карабастан, 5 кожолук дагы деле көчө элек.

Аталган участкада ӨК министринин орун басары, полковник У. Шамырканов Кадамжай шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик өкулдөрү менен кошо жеринде болуп, шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмаларды койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу