Жаңылыктар
17.03.2025 13:06
Кароолор: 1395
БАТКЕН: КООПТУУ ТИЛКЕДЕ ЖАШАГАН ЖАРАНДАРГА ЭСКЕРТМЕЛЕР БЕРИЛДИ
Жаз мезгилинин келиши жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел, суу ташкындары, ошондой эле жер көчкүсү активдешүүсү мүмкүн. Мындан улам КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин корутундулары жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын АКТыларынын негизинде Сүлүктү шаарындагы кооптуу деп табылган тилкелерде түшүндурүү иштери жүргүзүлдү.
Жер көчкү жана сел жүрүү кооптуулугу бар деп табылган Мамбетов, Шахтерская, Макаевка жана Джураев көчөлөрүндө жалпысынан 42 кожолук жашап келет. Алардын катарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан көмүр өндүрүү шахталары да бар.
Аталган участкаларда жашап жаткан айрым тургундар мамлекет тарабынан ссуда алган менен, жер тилкеси берилген эмес.
Азыркы тапта Сүлүктү шаарында жер көчкү кооптуулугу бар аймакта 42 үй-бүлө, сел коркунучу бар тилкеде 2 үй-бүлө өз өмүрүн тобокелдикке салып жашап келүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР