Жаңылыктар

04.12.2024 18:22

   Кароолор: 234

БАТКЕН: КООПТУУ АЙМАКТАРДЫ КОРГОО - БАШКЫ МИЛДЕТ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-декабрда Баткен, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаарында болду. Тиешелүү адистер менен биргеликте кооптуу аймактарда болуп, коргоого алуу чараларынын зарылдыгын жана бул багытта иш алып баруу башкы милдет экендигин белгиледи.

Алсак, Төрт-Гүл жана Суу-Башы айыл аймактарында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө жана коргоочу тосмолорун куруу муктаждыгы бар. Эгер сунушталган долбоор жүзөгө ашса, аймакта жалпы жонунан 168 турак жай, жергиликтүү элдин 60 гектар күрүч жана 30 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты коргоого алынат.

Маалым болгондой, ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов жумушчу сапар учурунда ар бир объект боюнча ӨКМдин структуралык жана ведомстволук бөлүктөрүнүн башчыларына тиешелүү тапшырмаларды койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу