Жаңылыктар

19.03.2025 16:12

   Кароолор: 142

БАТКЕН: КООПТУУ АЙМАКТАРДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Баткен облусунун аймагында 2025-жылга карата кооптуу делген аймактарда изилдөө иштерин башталды. Бул багытта ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жумуш алып барууда. Адистер адегенде Сүлүктү шаарында болушуп, жер көчкү жана таш кулоо процесстери күтүлүүчү тилкелерде изилдөө жүргүздү.

Учкучсуз аппараттын жардамы менен кооптуу тилкелердин топографиялык картасын жасоо үчүн аэрофотосьемкалар алынып, кооптуулуктун активдешүүсүнө байкоо жүргүзүү максатында атайын белгилер орнотулду. Ал эми жергиликтүү жашоочуларга тиешелүү маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу